Москвада Кыргызстандан барган мигранттар кир жуугуч машина үчүн мушташты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя шаршемби күнү Строгино аймагында болгон. Мушташтын катышуучулары 25 жаштагы кыргыз жараны жана анын 32 жаштагы тууганы менен славян түспөлүндөгү дагы бир нече адам болгон.

Экөө тең Москва айланма жолундагы курулуш базарында иштешет. Алардын бири түшүндүргөндөй, саат 21.00 чамасында алар кир жуугуч машинаны ташуу үчүн Твардовского көчөсүнө келишкен. Жүктөө учурунда алар жарандар менен чырдаша кетип, аягы мушташ жана травматикалык куралдан ок атуу менен аяктаган. 32 жаштагы кыргызстандыктын баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген, бирок жардам көрсөтүлгөндөн кийин чыгарылган.

Жаңжалдын катышуучуларынын көбү качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми Кыргызстандык эки мигрант административдик жоопкерчиликке тартылды.

Белгилей кетсек, акыркы айларда Москва шаарында жана Москва облусунда Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен беш массалык мушташ өттү. Андан кийин Москвадагы такси кызматтарында иштеген бардык эмгек мигранттарын текшерүү чечими кабыл алынган. Орусиянын борборунда “Таксист” жана “Мигрант” рейддери жарыяланганын ИИМдин Москва жана Москва облусу боюнча башкы башкармалыгы мурда кабарлаган.

Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Петр Толстой Орусиянын мыйзамдарын бузган мигранттарды өмүр бою өлкөдөн чыгарууну сунуштаган болчу. .

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: