Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.

Ал 55 кг салмакта алгач монголиялык жана америкалык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Анда мекендешибиз россиялык Анастасия Яндушкинанын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Алтын үчүн күрөштө Билимбек кызы Беларустун спортчусу Алеся Гетманова менен күч сынашып, ага 6:7 эсебинде утулуп калды. Эскерте кетсек, буга чейин Мухаммад Абдуллаев жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан. Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-август аралыгында Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: