Кыргызстандын чек арачылары тарабынан жасалма ПЦР-тест саткан өзбек жараны кармалды.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагына өтүүгө аракет кылган, бирок ПЦР тестинин терс тастыктамасынын жасалмалыгынан улам өзбек тарап өткөрбөй койгон. Сурак учурунда жаран чек ара бекетинин жанында Кыргызстандын аймагында болуп, чек арадан өтүп жаткан жарандарга жалган күбөлүктөрдү сатып жаткан адамды көрсөткөн. Чек арачылар Өзбекстандын жаранын кармап, жасалма ПЦР-тесттердин ар бирин 80 миң өзбек сумуна сатып жүргөнү аныкталган. Анын жанында 7 жасалма бланка табылган. Кармалган жаран андан ары иликтөө үчүн компотенттүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: