Бүгүн, 20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиада курама командасы Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Япониянын борборуна учуп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

“Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов, Хайитхон Хусан кызы, алардын машыктуруучулары Алмазбек Абиров жана Канатбек Имияновдор XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты. Ошондой эле аларды Covid офицер Кундуз Абирова коштоп кетти”, – деп жазылат билдирүүдө.

Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Асеин Төрөгелдиев Асеин ийгиликтерди каалап узаткан.

Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада 2021-жылдын 24-августунан тартып 5-сентябрына чейин Токиодо өтөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: