Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына убактылуу чек ара заставалары орнотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылуу максатында убактылуу чек ара заставалары орнотулду. УКМКнын Чек ара кызматы башка күч структуралары менен бирге пландаштырылган чалгындоо жана издөө аракеттерин жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын өкүлдөрү күнүмдүк нөөмөттө турат”, – деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына уруксат документтери болгондо гана өткөрүү пункттары аркылуу кире аларын эскертет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: