Республиканын аймагына террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн келишине жол бербөө максатында УКМК тарабынан контртеррористтик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Анын алкагында 17-августта Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткен, ал жакта «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюму тарапта куралдуу кагылышууга катышкан.

А.Ж. жасалма документтерди колдонуп, Кыргыз Республикасына кирип, террористтик аракеттерди жүргүзүү үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу максатында, эл аралык террордук уюмдун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: