Азамат Кожомкулов “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Берилген маалыматка таянсак, дайындоо тууралуу чечимди ААКтын директорлор кеңеши кабыл алган.

Буга чейин “Түндүк электр” ААКын Улан Астаркулов башкарып келген, ал 18-августта кызматынан бошотулган.

Азамат Кожомкулов 2010-жылы Токмок РЭСинде иштеген, 2011-жылы “Түндүк электрдин” коммерциялык директору, 2015-жылдан тартып «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын башчысы кызматтарын иштеп келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: