Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарын чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. 

Быйыл, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт. 

Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган. 

Президент Садыр Жапаров Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен жылуу маанайда баарлашты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: