Бүгүн 23-августта президент Садыр Жапаровдун Токио шаарындагы (Япония)   XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өтүп жатат.   

Анда Айсулуу Тыныбекова II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланып, президент 10 миллион сом акчалай сыйлык жана автоунаа белек кылды.

“Урматтуу Садыр Нуркожоевич жеңишке жетүү үчүн сиздин колдооңузду сезип турдум. Мен жеткен күмүш медалды өлкөбүздүн 30 жылдык мааракесине арнайм. Буюрса ден соолук берсе келе жаткан Парижде өтө турчу олимп оюндарына катышам. Олимпиада оюндарында алтын медаль алыш үчүн бүткүл күчүмдү жумшайм“, – деди Айсулуу Тыныбекова.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: