АКШ ушул кезге чейин Кабул аэропорту аркылуу 17 миңден ашуун кишини эвакуациялады. Алардын 2,5 миңи америкалыктар.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди. Анын айтымында, аэропорттун жанында абал өтө оор. Буга байланыштуу Кабулдагы АКШ жарандарына аэропортко убактылуу келбөө эскертилди. Пентагондун маалыматы боюнча, жалпысынан Ооганстанда 15 миңдей америкалык бар.

Кабулда абал туруксуз. Аэропорттун жанындагы абал саат сайын өзгөрүп турат. Сиздер анын күбөсүсүздөр. Аскерлер адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Коопсуздук абалы зарылдыгына жараша жөнгө салынат ”, – деди Пентагондун өкүлү Жон Кирби.

.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: