Кыргызстанда акыркы 24 сатта COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 4 миң 869 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Анын ичинен 1 миң 181 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 688 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 635 миң 867 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 356 миң 215 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Жалпы коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллионго чукулдады. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 23-августта эмделгендер 993 миңден ашты.

993 миң Кыргызстанда эмделиши керек болгондордун 41% түзөт. Ал эми эки доза алгандар 13% болууда.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: