Бүгүн, 23-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов маалымат жыйын берүүдө. Анда ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Ош шаарын оңдоого салымын кошорун белгиледи.

Мэрликке талапкер болууга эч кимге тоскоолдук болбойт. Шайлоого катышканга ар бир жарандын укугу бар. Мени биринчиден, Министрлер кабинетинин төрагасынан катышканга мүмкүнчүлүк беришти, экинчиден көпчүлүк коалиция мага ишенич көрсөтүштү. Мен эки жактан тең талапкер катары көрсөтүлүп жатам. 26-августта көрөбүз… Бул күнү депутаттарга өзүмдүн программамды сунуштайм. Андан ары депутаттардын чечими болот, алардын добушу менен өтүп кетсем шаарды оңдоого өзүмдүн толук салымымды кошом“, – деди Мамбетов.

Белгилей кетсек, Алмаз Мамбетов 2-августта Ош мэрлигине убактылуу кызматка дайындалып барган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: