Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курамасы Өзбекстандын Фергана облусунда өтүп жаткан Борбор Азия чемпионатында күмүш утту.

Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясынан билдиришти. Финалда кыргызстандык спортчулар Казакстандын командасына 3:1 эсебинде утулуп калышты. Ал эми Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курама командасы Өзбекстандын Фергана облусунда өтүп жаткан Борбор Азия чемпионатында коло утушкан. Үчүнчү орун үчүн оюнда кыргызстандык спортчулар Тажикстандын курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишти камсыздашты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: