Бүгүн 23-августта президент Садыр Жапаровдун Токио шаарындагы (Япония)   XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өттү.   

Анда Токио Олимпиадасында коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага III  даражадагы “Манас” ордени менен сыйланып, президент 7 миллион сом акчалай сыйлык жана автоунаа белек кылды.

“Кыргызстандын спорт жаатында дүйнөлүк аренада алдыга жылышына кичине болсо да, салым кошуп жатканыма абдан кубанычтамын, урматтуу президент спорт тармагын колдоп жатканыңызга терең ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз элиме, күйөрмандарыма рахмат айткым келет”, -деди Жуманазарова .

Мындан сырткары ал, кыргыз элине тынчтык тилеп, келе жактан КРнын эгемендүүлүк күнү менен куттуктап өттү.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: