Президент Садыр Жапаров Афганстандагы кырдаалга арналган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат.

Афганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.Сессия Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.Иш-чарага Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: