Бүгүн 23-августта президент Садыр Жапаровдун Токио шаарындагы (Япония)  XXXII жайкы олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өттү.   

Ага утурулай, олимпиада оюндарынын байге ээлеринин бири Айсулуу Тыныбекова өлкө башчысына сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтып, билдирүү калтырды.

“Урматтуу достор!Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.«Toyota RAV4» үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз Садыр Жапаров бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!”, -деп калтырган фейсбук баракчасына.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: