Өзбекстан аркылуу эвакуацияланып бараткан ооганстандык качкын келин Ташкентте көз жарды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

“22 жаштагы келин аман-эсен уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы 3 кг 840 грамм. Азыр жаш эне баласы менен төрөтканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп билдирген министрлик.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкент аэропортунан эки миңге чукул ооганстандык качкын эвакуацияланганын кабарлаган.

15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Дүйнөнүн 12 өлкөсү ооган качкындарына транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин билдиришкен. Алардын арасында Өзбекстан да бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: