Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөдү. Бул тууралуу “24.kg” агенттиги өздүк булактарга таянуу менен кабарлады.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү такталды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөзкызматы тастыктады.

Эске салсак, мекеменин маалыматына ылайык Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарды түзүп калган.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: