Араван районунда ири өлчөмдөгү акча уурдаган 31 жаштагы жаран кармалды.

2021-жылдын 5-август күнү Араван районунун тургуну 31 жаштагы жаран М.С., арыз менен кайрылган анда: А.Анаров айыл аймагында жайгашкан өзүнүн үйүнөн 780 000 сом акчасын жана алтын буюмдарын белгисиз атуулдар уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча “Уурдоо” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө 15-август күнү Өзгөн районунун тургуну 34 жаштагы А.Т., аттуу жаран кармалган.

Ал 2021-жылдын 4-август күнү саат 11:00 чамасында Араван районунун А.Анаров айыл аймагында М.С.-ге таандык жогорудагы даректеги үйдүн ичине кирип 720 000 сом, 60 000 рубль, жана жалпы баасы 100 000 сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткен. Натыйжада жабырлануучуга материалдык жактан 880 000 (сегиз жүз сексен миң) сомдук зыянга учураганы аныкталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмышка шектүү А.Т., 2021-жылдын 17-август күнү шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, ошол эле күнү бөгөт коюу чарасынын камакка алу түрү 1 айга камакка алуу түрү тандалып алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: