Индиянын Уттар -Прадеш штатындагы Курди айылынын тургундары өлгөн бука үчүн 13 күн аза күтүшкөнүн чет элдик басылмалар кабарлашты.

“The Times of India” басылмасы билдиргендей, бука 20 жылдан бери айылда жашайт. Тургундар аны үй -бүлөнүн мүчөсү катары эсептешкен. Бука өлгөндөн кийин диний жөрөлгө жасап, дасторкон жайып, 13 күн аза күтүшкөн. Индияда мындай азем үй -бүлөнүн улуу мүчөсү каза болгондо жасалат.

“Сөөк коюу учурунда адамдар ыйлашты. Бул жаныбарды баары жакшы көрүшчү”, – дейт жергиликтүү диниятчы Нареш Пандит.

Бука эч кимге таандык эмес. Бирок бүт айыл аны карап баккан. Бука музоо кезинде кыштактын жанындагы ыйык жерден учурунда табылгандыктан жергиликтүү тургундар аны Кудайдын белеги деп түшүнүшкөн. Айрымдар аны ак бука катары сүрөттөлгөн Нандиндин Кудайы деп эсептешкен.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: