Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында мыйзамсыз өтүп бара жаткан контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

“Чек ара кызматкерлери кызмат өтөп жатканда Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү экөө тең 27 жашта жана Кыргыз жарандары экени белгилүү болду. Текшерүүдө унаада тийиштүү документтери жок 175 коробка дары-дармектер бар экени аныкталган. Алдын ала маалыматка ылайык, кармалган жүктүн баасы 2 миллион 680 миң 600 сомду түзөт”, – деп билдиришти чек ара кызматынан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: