Баткен облусунун Лейлек районунун Голбо айылындагы жаңы мектептин курулушу жаңы окуу жылына чейин ишке киргизилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички жасалгалоо жана жашылдандыруу иштери аяктоо алдында турат.

Жаңы мектеп 275 окуучуга ылайыкталган. Сметалык баасы 931 миң 320 доллар, анын 484 миң 286,4 доллары Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен каржыланган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: