23-августта Суусамыр өрөөнүндө катталган үрөй учурган жол кырсыктан Honda Stepwgn унаасында бара жаткан 9 адамдын бири да аман калган жок. “Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу уктап кетип, жүк ташыган унааны барып сүзгөн. Жеңил унаа үчкө бөлүнүп кеткен, кырсык катталган жерден 8 чоң киши, 1 өспүрүм каза болгон. Ал эми жүк ташыган унаанын айдоочусу тирүү.

Honda Stepwgn Бишкектен Токтогул районуна бара жаткан. Ал эми Volvo жүк ташыган унаа Баткенден Бишкекке келе жаткан. Минивэнде каза тапкандардын бардыгы Токтогул районунун тургундары болгон.

Айдоочусу – 1983-жылы туулган Өзгөрүш айылынын тургуну;

жүргүнчү – аял, 1965-жылы туулган Үч-Терек айылынын тургуну;

жүргүнчү – аял, 1968-жылы туулган Өзгөрүш айылынын тургуну;

жүргүнчү – аял, 1956-жылы туулган Өзгөрүш айылынын тургуну;

жүргүнчү – аял, 1978-жылы туулган Өзгөрүш айылынын тургуну;

жүргүнчү – аял , 1951-жылы туулган Өзгөрүш айылынын тургуну;

п жүргүнчү – кыз , 2003-жылы туулган Терек-Сай айылынын тургуну;

жүргүнчү – наристе кыз , 2020-жылы туулган Өзгөрүш айылынын тургуну;

жүргүнчү – эркек, өздүгү аныктала элек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: