Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда катуу жол кырсыгы катталып, 26 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай “КамАз” оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен “Honda Stepwgn” унаанын айдоочусу (1995-ж.т. Б.А.) аттуу эркек киши каза болгон.

Жерине №76 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: