Лебединовка айылында 22-августта №258 каттам боюнча жүргүнчү ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, «Спринтер» унаасынын айдоочусу 1977 -жылы туулган Ж.Н. каршы тилкеге ​​чыгып, каршы багытта бара жаткан Mercedes 124 менен сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен 8 жүргүнчү жабыркап, денесинен ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Бүгүнкү күндө жол кырсыгы боюнча чогултулган бардык материалдар иликтөө үчүн Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми унаалар айып токтотуучу жайга токтотулуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү ташуучу «Байзак Аска» ЖЧКсы менен түзүлгөн эмгек келишимин бузгандыгы үчүн №258 каттамдын айдоочусу 23-августта иштен алынган.

Мындан тышкары, “Байзак Аска” ЖЧК фирмасы маршрутка менен бараткан айдоочуларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн 10 миң сом айыпка жыгылган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: