Бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык сотунун жанына мурунку премьер-министр Темир Сариевдин  тарапташтары чогулду. Болжол менен 200 чакты адам саясатчынын баш коргоо чарасына байланышкан чечимди күтүп турушат.

Тарапташтары аны бошотууну талап кылууда.

Т.Сариев кармалганын 3-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирген. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сариев экономика министри, ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта Кумтөр кениндеги экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго азайтып койгон. Анын кесепетинен мамлекетке чоң зыян келтирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: