Бишкекте 14 жаштагы эки кыз дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине алардын туугандары билдирген.

Маалыматка караганда, Акылай Баялиева менен анын курбусу Алия Абысатарова 24-август күнү кечинде Достук кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келишкен эмес.

Туугандары милицияга арыз жазган. Алар кыздарды көргөндөр болсо 0 (771) 48-88-83 жана 0 (500) 87-77-76 номерлерине кабарлап коюуну өтүнүшүүдө.

Биринчи май райондук милициясы азырынча Акылай Баялиева боюнча маалымат берди. Ага ылайык, өспүрүм кыз үйүнөн шейшемби күнү чыгып кеткен. Ошол бойдон анын кайда жүргөнү белгисиз. Уюлдук аппараты өчүк.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, узун, кой көз. Үстүнө агыш түстөгү мышыктын сүрөтү бар футболка, ачык күрөң түстөгү шым, бутуна ак кеда кийип жүргөн.

Милициянын байланыш номери: 0 (706) 66-61-49, 0 (312) 67-01-13 же 102.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: