Борбордук шайлоо комиссиясындагы жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо системасындагы шайлоо округдарын бөлүштүрүү боюнча бир катар жолдорду карап жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын жаңы система менен шайлоого жол ачкан мыйзам долбоору депутаттар тарабынан 28-июлда кабыл алынган. Азырынча президент кол коё элек.

Мыйзам долбоорун карасак, парламентке келүүчү 90 депутаттын ичинен 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялардан шайланат.

36 мандатты бөлүштүрүүдөгү болжолдуу сандар:

  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча — 9 мандат;
  • Жалал-Абад облусу боюнча — 7 мандат;
  • Чүй облусу боюнча — 6 мандат;
  • Бишкек шаары боюнча — 4 мандат;
  • Ысык-Көл облусу боюнча — 3 мандат;
  • Баткен облусу боюнча — 3 мандат;
  • Талас облусу боюнча — 2 мандат;
  • Нарын облусу боюнча — 2 мандат.

Булак: barakelde

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: