Балыкчы шаарындагы каралбай калган имараттын ичинен дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн денеси табылды.

Балыкчы ШИИБдин башчысы Улан Кыдыргычевдин билдирүүсү боюнча, 24-август күнү болжол менен саат 19:10 чамасында Балыкчы ШИИБге «Судоремонт» заводунун күн чыгыш тарабында жайгашкан эски имараттын ичинен 18-20 жаштагы эркек баланын жансыз денеси табылганы жөнүндө кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге барган шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу белгисиз адамдын арканга асынып турган денесин табышкан. Сыртынан кароо жүргүзгөн учурда маркумдун денесинен криминалдык тактар байкалган эмес.

Аталган факт Балыкчы ШИИБде КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталган. Ал изделип жаткан 17 жаштагы С.А. болуп чыкты. Аны туугандары да тастыкташты.

Шаардык милициянын жетекчисинин айтымында, 15-август күнү Балыкчы ШИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын уулу С.А. 13-августта болжол менен саат 11:00 чамасында Балыкчы шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын маалымдаган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 27 жаштагы эжеси Э.С. күбө катары суралган. Күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, иниси С.А. анын Балыкчы шаарындагы үйүндө убактылуу жашап, дүкөндөрдүн биринде иштеп келген. Ошол күнү алардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, инисин катуу урушуп койгон. Иниси үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон барган эмес.

Булак: www.turmush.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: