Эгерде коронавирустун жаңы түрлөрү жайыла берсе, андан да коркунучтуу оору пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Цюрих жогорку техникалык мектебинин иммунологу Сай Редди билдирди деп жазат дүйнөлүк басылмалар.

Анын айтымында, азыркы COVID-19 штаммдарынын айкалышы эпидемиянын жаңы толкунуна алып келип, өлүм-житимди көбөйтүшү мүмкүн.

“Бета жана гамма штаммдары жугуштуу . Менимче, “дельта” адамдын иммундук системасын айланып өтө алат. COVID-22 кырдаалды азыркыдан да начарлатышы мүмкүн”, -деди Сай Редди.

Буга байланыштуу эксперт медицина тармагын алдыдагы коркунучтарга көңүл бурууга чакырды. Ошондо вакцина чыгаруучулар дарыларын инфекцияга тез ылайыкташтыра алышат дейт Редди.

Буга чейин, Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон университетинин Медицина тармагынын окумуштуулары, коронавирустун бардык мутациясына бөгөт боло турган антителону аныкташканын айтышкан.

“Бул антителонун негизги өзгөчөлүгү – анын аз гана өлчөмү оорудан жогорку деңгээлде коргоо касиетине ээ. Келечекте жаңы мутациялар пайда болуу коркунучу бар. Андыктан эффективдүү жана күчтүү антителолор болушу керек”, – деген окумуштуулар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: