Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

  • Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
  • Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
    Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
  • Жогорку Кеңештин Төрагасы;
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
  • Президенттин Администрация башчысы;
  • мамлекеттик катчы;
  • башкы прокурор;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
    улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: