Президент Садыр Жапаров 23-августта кол койгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы коомчулукта кызуу талкууга алынып, карама-каршы пикирлер жаралууда.

Мыйзам долбоорунун ишке ашышына бир нече коомдук ишмерлер, саясатчылар да өз пикирлерин билдирүүдө. Бул закондун тегерегинде мурун далай талаш-тартыштар болуп, тараптар бирин бири айыптоого чейин барышкан.

Мыйзамдын демилгечилери өз сунушун коомчулукту фейк маалыматтардан коргоо мүдөөсү менен түшүндүрсө, мыйзамга каршы чыккандар бийликке каяша айткандарга каршы гана иштей турган эреже экенин айтып жатышат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун “Биринчи Радионун” түз эфиринде фейк маалыматтар туралуу өз пикирин билдирди. Анын айтымында жобонун башкы максаты адам укугун коргоо.

“Бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин муунтпайт. Учурда дүйнөнү калп кабарлар каптап жатат. Бул карапайым элге керек, чиновниктер өз укугун коргой билет” -деп белгиледи.

Акыйкатчы жалган маалыматтан коргоо ишинин келечеги жакшы экендигин белгилеп,буну саясий курал, куугунтук катары колдонбоого чакырды.

Айрыкча акыркы учурларда социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап, коомчулукта жеке керт башына асылуу, кемсинтүү адамдык намысына шек келтирүү сыяктуу көрүнүштөр четтен табылат. Андыктан бул мыйзам баарына тегиз иштесе аны жүрөгү менен колдоорун бирдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: