Түп районунда 25-август күнү саат 18:10 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен Шаты айылында кокту колоттордон келген суулар Супатай көчөсүндөгү арыкка батпай 2 турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолду каптаган.

Ошондой эле Балбай айылында кокту колоттордон келген суулар мүрзөнү каптаган.

Азыркы учурда суу тартылып коркунуч жок. Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Түп райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, 2 офицер, 3 кызматкер, а/а 2 адам, №4 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылды.Тартылган күчтөр жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзгөн. 25-август күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: