Кыргызстандын мурагы президенти Аскар Акаев Бишкекке келердин алдында Россиядагы батирин орусиялык ырчы Филипп Киркоровго сатып жиберген.

Аянты 537 чарчы метр болгон эки кабаттуу пентхаус Арбат районундагы «Филипповский» турак жай комплексинде жайгашкан. Анын баасы дээрлик 1 млрд рублга бааланат. Бирок Киркоров аны канча акчага сатып алганы белгисиз.

Орусиянын каттоо кызматынын маалыматы боюнча, батир былтыр 31-декабрда сатылган. Ырчы үчүн “Филипповский” турак жай комплексиндеги бул объект үчүнчү болуп калды: ошол эле имаратта ал 190 жана 209 чарчы метрлик батирлерге ээ.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: