Эртең, 26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди шайлашат. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттаган.

Бишкек шаарынын мэри болууга талапкер — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жунушалиев Айбек Жанышбекович. Ал Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталды.

Ош шаарынын мэри болууга талапкер — Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамбетов Алмаз Ишенбекович. Ал шаардык кеңештеги көпчүлүк «Аманат» коалициясынан сунушталды.

Токмок шаарынын мэри болууга 2 талапкер катталган. Жогорку Кеңештин депутаты Самаев Урмат Обозбековичти «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы», «Эл Биримдиги» партияларынын көпчүлүк коалициясы сунуштады.

Кубатбек уулу Азат «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштары» фракциялары түзгөн азчылык коалициясы тарабынан көрсөтүлдү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: