Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын жасалма ПЦР-тесттен өтүү фактылары боюнча чукул кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Бакашова Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча териштирүүнү баштоону тапшырды.Саламаттыкты сактоо министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгып, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин мыйзамга ылайык кароо керектигин билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырмасын бергени айтылды. Эске салсак, 23-августта журналист Мээрим Сырдыбаева жана иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун “Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар” аталышындагы иликтөөсү чыккан. Анда Жасалма ПЦР-тестти 500 сомдон 100 долларга чейин сатып алса болоору айтылган. COVID-19 вирусун жуктуруп алгандарга “вирус жок” деген ПЦР-тестти жасап бргендердин арасында ири лаборатория кызматкерлери да бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: