Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат.

Бул багытта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жумушчу кеңешме өткөрдү. Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жайылышынан коргоого системалуу мамиле уюштуруу зарылдыгын белгилеп, 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мекемелер аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды, ал Программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгып Министрлер Кабинетине сунуштайт. Белгилей кетсек, мекемелер аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: