Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Айбек Жунушалиев эч бир саясий партияда мүчө болбогонун шаардык кеңештин депутаттарына ачыктады. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча сессияда депутат Илгиз Шаменов Жунушалиевди алдыда өтө турчу парламенттик шайлоого аралашпоону эскертти.

“Мэр болуп өтүп кете турган болсом Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүүгө катышпайм, урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич катуу талапты койгон. Административдик ресурсту колдонуп, мыйзамсыз иштерге барганга чек коюлган. Мен буга чейин бир да саясий партиянын мүчөсү болгон эмесмин, болоюн деген да оюм жок”, – деп жооп берди мэр кызматына талапкер Жунушалиев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: