“Азыр эле Токио-2020 Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, кыргыздын сыймыктуу уулу Акжол Махмудов Аруузаттын дарылануусуна ири суммадагы кражат берээрин билдирди. Биздин кубанычыбызды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Акжолго жана баардык бизге жардам берген элге ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге Жараткан өзү жар болсун,” -деп жазган Instagram баракчасына Аруузаттын ата-энеси.

Белгилей кетсек Акжол Махмудов Токио -2020 Олимпиадасына күрөшкө кийип чыккан трикосун аукционго сатыкка коюп, аны 26 миң долларга саткан. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгүн Аруузат Ташматованын дарылануусуна жумшаарын билдирген.

Аруузат Ташматова чанда кезигүүчү генетикалык оору СМА оорусуна чалдыккан. Анын өмүрүн сактоо үчүн эң кымбат дары Золгенсма керектелет. Золгенсма даарысы $2,3млн турат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: