Баткен облусунун Лейлек районундагы Кожо-Бакырган-Сай дарыясына Лейлек суу сактагычын куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин суу-чарба объекттерин куруу дирекциясы 25-августта суу сактагычтын долбоордук-изилдөө иштерине тендер жарыялаган. Иштин баштапкы суммасы 180 млн сом деп эсептелген.

Тендер боюнча арыздар 16-сентябрга чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кожо-Бакырган-Сай дарыясына суу сактагыч курулары буга чейин да айтылып келген болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: