Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовдун аукционго койгон трикосу сатылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.  

Аукцион 25-августта, Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында өткөрүлгөн. Спорттук костюмдун алгачкы баасы 50 доллар деп белгиленген. Трико 6,5 миң долларга сатылды. Форумдун катышуучулары Махмудовго кайрымдуулукка жумшоосу үчүн дагы каражат топтошкон.  

“Менин Олимпиада оюндарында кийген трикомду аукциондун катышуучусу 6500 долларга сатып алды. Башка катышуучулар дагы 19 миң доллар чогултушту. Ошентип жалпы баасы 26 миң доллар болду. Колдооңуздар үчүн рахмат”, — деди спортчу.  

Түшкөн каражаттын 60 пайызы кичинекей Аруузаттын дарылануусуна коротулат. Калганын дагы Махмудов кайрымдуулукка жумшаарын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: