Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарында мэрликке Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги каралууда. Сессияда Жунушалиев эч кандай бизнес кызыкчылыгы жок экенин айтты.

“Мен мэр болуп шайлансам коалициялык көпчүлүктүн, оппозициялык фракциянын, шаардык кеңешке өтпөй калган партиялардын сунуштарын программама киргизгенге аракет кылам. Менин Бишкек шаарында эле эмес, Кыргыз өлкөсүндө эч кандай бизнес кызыкчылыгым жок. Мен эч качан бизнес жүргүзгөн эмесмин, оюм дагы жок. Сиздер ишеним көрсөтүп, мени шайласаңыздар шаарды өнүктүрүүгө даярмын”, – деди Айбек Жунушалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэрлигине бир гана талапкер Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги катталган.


Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: