Калуга облусунун (Россия) жумуш берүүчүлөрү 18 кыргыз жаранынын паспортун тартып алып коюшкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17 -майда кыргызстандыктар Бишкектен Балабаново шаарына жумушка бейтааныш аял аркылуу келишкен. Аларды Айнагүл аттуу аял Шереметьево аэропортунан тосуп алып, паспортторун алып кеткен. Алар “Техмашимпекс” ЖЧКсында эки ай иштешкен.

24 -августта Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен документтер арыз ээлерине кайтарылган. Кыргызстандыктар менен эмгек мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: