Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Мамлекет башчынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: 

– Ысык-Көл облусу: 

– Ысык-Көл райондук сотуна:

 Акматова Мээрим Маматкадыровна;

 Жусупбекова Космира Айтакуновна; 

–Түп райондук сотуна:

Астаев Батырхан Алтынбекович;

 – Тоң райондук сотуна: 

Сыдыгалиева Асел Бабановна;

–  Жети-Өгүз райондук сотуна: 

Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

 – Бишкек шаары;

 – Биринчи май райондук сотуна: 

Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: