1-10-сентябрда Кыргызстанда COVID-19га каршы жалпы эмдөө акциясы өтөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын отурумунда айтылды.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги алдында өткөн жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, COVAХ программасы жана башка эл аралык долбоорлор аркылуу келе турган вакциналар, эмдөөнүн жүрүшү сыяктуу маселелер каралган.

Отурумда облус башчыларына, Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерине санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарды аныктоо иштерин улантуу, өлкө эгемендигинин 30 жылдыгынын майрамдалышына байланыштуу массалык иш-чаралар өткөрүлгөндүктөн коронавирустан коргонуу чараларынын сакталышын камсыз кылуу тапшырылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: