“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеквовдун унаасына ок атуу болду. Бул тууралуу өзү фейсбук баракчасына жазып, окуя бүгүн түнү саат 01:20да болгонун жазды. Бул учурда Султанбеков жумушчу жолугушуусунан кийин үйүнө бара жаткан.

“Акыркы жумушчу жолугушуудан кайтып келе жатканымда, менин машинамда так эле мен отурган жерде ок атылды. Октун үнү даана угулду. Менин айдоочум унааны дароо катуу ылдамдыкта айдады. Бир сааттан кийин биз издерди табуу үчүн бул жерге дагы барууну чечтик: айнектин сыныктары бар экен, дарактын артында бир киши көрүнүп турган, камера ага багытталганда, ал жашырынып кетти“, – деп жазат Темирлан Султанбеков.

Ок 9 мм травматикалык тапанчадан чыкканын белгиледи.

“Муну менен мени коркутуп же бир нерсеге эскертүү берели дешти окшойт. Мен коркпоймун, Кудай канча жашты буюрса ошончо жашайм жана ишмердүүлүгүмдү токтотпойм”, – деп кайрылды Султанбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: