Бүгүн, 26 -августта Ош, Бишкек жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо өтүшү керек. Ошто жана Бишкекте шайлоо атаандашсыз өтөт, анткени ал жерде бир гана талапкер көрсөтүлдү – Алмаз Мамбетов менен Айбек Жунушалиев. Демек бул эки шаардагы шайлоо жөн гана формалдуулук үчүн өткөн сыяктуу. Ал эми Токмок шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышат.

Шайлоо саат 09:00дө башталышы керек болчу, бирок белгисиз себептерден улам көпчүлүк коалициянын шаардык кеңешинин депутаттары, тактап айтканда “Бирге”, “Патриот Ынтымагы” жана “Эл Биримдиги” партияларынын бир дагы депутаты Токмок шаардык кеңешинин жыйындар залында болгон жок.

Белгилей кетсек, БШКнын мүчөлөрү залда отурат, ал эми көпчүлүк коалициянын депутаттары дале жок.

Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Тынайбек Сансызбаев Kaktus.media сайтына бир нече депутаттарга телефон чалганын жана алар тезирээк келүүнү убада кылышканын айтты. Бирок, эмне үчүн көпчүлүк коалициянын депутаттары толук кандуу келбей жатканын түшүндүрүп бере алган жок.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: