Экономикада оң жылыштар бар, бирок алдыда иштеле турган маселелер арбын.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын караган министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди. «Товарды маркалоо ишке киргизилди, ал бюджетти салыктык кирешелер менен толтурууга шарт түзө баштады.

Быйыл бюджеттик каражаттын тартыштыгына, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктерди түзүү боюнча белгилүү кадамдарды жасадык-деди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.Улукбек Марипов өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери Министрлер Кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө экенине токтолду. Күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзгөчө белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: