Польшада Жарандык коалициянын мүчөсү Франсишек Стерчевски качкындарга жардам берүү үчүн Польша-Беларус чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган. Окуянын видеосу интернетке тарап, анын кылыктары коомдо кызуу талкууга алынганын “ТАСС” билдирди.

Оппозициялык Жарандык коалициянын атынан шайланган Сейманын (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаты Франчишек Стерчевский үч жума бою чек арада жаткан мигранттарга дары -дармек алып барууга аракет кылган.

Видеого назар салсак, депутат куралдуу күчтөрдөн качып, чек арадан өтүүгө аракет кылган. Бирок ал жолдун ортосунда кулап, чек арачылар тарабынан кармалган.

Бул окуя Польшада кеңири талкууланууда. Бийликтеги партиянын өкүлдөрү Стерчевскийди “парламентарийге ылайык эмес, орунсуз иш кылды” деп сындашты. Ал эми оппозициялык партиялар аны колдоп жатышат. Алар бийликти Польшага мигранттарды киргизбей жатат жана аларга материалдык жардам көрсөтпөй жатат деп айыпташууда.

Белгилей кетсек, Польшанын чыгышындагы Подляск облусундагы Уснай-Гурный айылында абал оор. 17 күндөн бери эки өлкөнүн чек арачылары 20-30га жакын качкындарды кайтарууда. Ооганстандан качкан качкындар Польшанын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан. Польша бийликтери качкындар Беларуста экенин айтышты, бирок Беларус аларды өлкөгө киргизүүдөн баш тартты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: