Чыгыш-5 кичи районунда автоунаа сүзүп кеткен 13 жаштагы бала ооруканада каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, бала бүгүн эртең менен каза болгон.

23-августта саат 11:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районундагы Чүй проспектисинде «Мерседес» унаасынын айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2008-жылы туулган бала жабыркаган. Ал башынан оор жаракат алып, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: